Тумандан улам "Ош" аэропорту убактылуу жабылды

Тумандан улам "Ош" аэропорту учактарды кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу 23-декабрда "Манас" Эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Аэропорт таңкы саат төрттө жабылган. Мындан улам Москвадан Ошко учкан 3 учак Бишкекке, "Манас" аэропортуна конууга аргасыз болду. Учактар Ошко качан учары белгисиз. Аэропорт жетекчилиги жарандарды түзүлгөн кырдаалды туура түшүнүүгө чакырууда.

Эскерте кетсек, мындай кырдаал быйыл 12-декабрда да түзүлүп, Ошко конуучу учактар Бишкекке конууга туура келген. Ош шаарынан сыртка учуучу каттамдар да белгиленген убакыттан кечигип учкан эле. Коопсуздук үчүн учак башкаргандарга кем дегенде 550 метр аралык даана көрүнүшү керек. 100-300 метр аралык көрүнгөн шартта учуу-конуу операцияларын жасоо кооптуу болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан