Ош-Сары-Таш унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Түшкөн кар көчкү саат 11:35 чамасында бир тарапка тазаланып, учурда унаалар өтүүдө. Жолду кеңейтүү иш-чаралары уланууда", - деп билдиришти ӨКМдан.
Айта кетсек, кар көчкү бүгүн саат 09:20 чамасында аталган жолдун 177-чакырымында (Катын-Арт чегинде) түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 2100 метр кубду түзүп, Сары-таш айылынан Ошту карай 8 унаа, Ош шаарынан Сары-Ташты карай 9 унаа өтө албай калган.