Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда жылынуучу жай уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда турган жүргүнчүлөр үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жайыл райондук бөлүмү жана Жарандык коргонуунун күчү жана каражаттары менен ысык тамак берүү жана жылынуучу пункттар уюштурулду.
Айта кетсек, 22-декабрь күнү саат 18:30да аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга, саат 22:30да жеңил унааларга чектөө коюлуп, 23-декабрь күнү саат 05:30да жеңил унааларга коюлган чектөө алынган. Бирок унаа жолго кар көчкү түшүп жаткандыгына байланыштуу айрым учурларда бардык унаа түрлөрүнө чектөө киргизилүүдө. Мындан улам “Сосновка” постунда айдоочулар жана жүргүнчүлөр күтүп калышууда.