ЖЫЛНААМА, 24-ДЕКАБРЬ: Орусиялык атактуу ырчы Дима Билан 35 жашка толду

“Евровидение-2008” ыр сынагын жеңип алган биринчи орусиялык ырчы Дима Билан (өз аты-жөнү – Виктор Белан) 35 жашка толду. Ал 1981-жылы 24-декабрда Орусиянын Карачай-Черкес Республикасында туулган.

Дима кичинесинен эле кошуна балдарды чогултуп алып аларга ырдап, бийлеп концерт коюп берген күндөрү болгон. 6 жашка чыкканда ата-энеси Орусиядагы Кабардин-Балкар Республикасына көчүп барат. Дима ошол жактан мектепке барат. Мектепте ар кайсы сынактарга катышып, билген ырларын ырдап жүрөт. Ал мектепке музыкалык мектептин окутуучусу келип, окуучулардын угуу жөндөм­дүүлүгүн текшерет. Диманын "Во поле берёза стояла" деген ырды ырдаганын угуп, анын тезинен музыкалык мектепке которулуп, билим алуусун өтүнөт. Буга Диманын ата-энеси макул болбой, музыкадан мурун окууга көңүл буруусу тийиш деп каршы чыгат. Антсе да Дима 11 жашында ата-энесинин макулдугун алууга жетишип, музыкалык мектепке кирет. Анда балдар хорунда ырдап, аккордеон жаатында билим алат.
Дима 18 жашында Москва шаарына келип, балдар чыгармачылыгына арналган "Чанга-Чунга" фестивалына катышат. Ал фестивалда Диманын талантын байкаган Иосиф Кобзон өз колу менен диплом тапшырат. Ал орто мектепти аяктаары менен Москвадагы Гнесин атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, андан вокал боюнча билим алат. Дима 3-курста экенинде атактуу продюсер Юрий Айзеншпис менен таанышып, аны менен бирге иштешип калат. Бул продюсердин жардамы менен Диманын алгачкы "Бум" аттуу ырына клип тартылат. Муну менен Диманын атагы чыккан эмес. Андан көп убакыт өтпөй "Я ночной хулиган" аттуу ыры чыгып, ага клип тартылгандан кийин Дима көпчүлүккө тааныла баштаган. Ошентип Дима атактуулукка жетип, канчалаган сыйлык, наамдарды алганга үлгүргөн.

24-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akil.91
2016-12-24 23:31:02
Дима русский или башка улут?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан