25 жыл мурун, тактап айтканда, 1991-жылы 25-декабрда Беловежск токоюнда Орусиянын президенти Борис Ельцин, ошол кездеги Украинанын президенти Леонид Кравчук жана Беларусь Республикасынын Жогорку Кеңешинин ошондогу төрагасы Станислав Шушкевич СССРдин жоюлуп, анын ордуна КМШнын түзүлгөндүгү тууралуу келишимге кол коюшкан.
Мына ошол "Беловежск келишимине" кол коюлгандан кийин Михаил Горбачёв түз телеберүүдөн жалпы СССР элине кайрылуу жасап, өзүнүн ордун бошотуп, ядролук курал менен башкарууну Орусиянын президенти Борис Ельцинге өткөзүп бергенин билдирген. Бул кайрылуудан кийин Кремлден СССРдин желеги түшүрүлгөн.