ЭЛДИК КАБАР: Ала-Белде жүк ташуучу унааны кар көчкү оодарып кеткен, жардам берген эч ким жок

23-декабрда Ала-Белде жүк ташуучу унааны кар көчкү оодарып кеткен, айдоочуга жардам берген эч ким жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.

Видеодо айдоочу Орусиядагы мекендештер үй-бүлөлөрүнө Жаңы жылга карата аманат берип жиберишкенин айтып, кар көчкү унаасын оодарып, сууга түшүп калганын айтат.

"Сабыр кылып туруңуздар, унаамды чыгарсам эле аманаттарды жеткирип берем", - дейт айдоочу.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Жүк ташуучу унааны кар көчкү сууга сүрүп чыккан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aikokul14
2016-12-26 14:02:15
Ааай байкуш,эсен аман чыгарып ал эми,башкысы озун аман экенсин.
+8
ekaterinburg
2016-12-26 14:21:27
МЧС неге жардам бербейт?Коптоп-шайлап жардам берип коюшса боло айдоочулар деле,байкушка!
+8
A3A
2016-12-26 14:45:49
Аман эсен жетип алыныз!
+4
samsungc3
2016-12-26 14:57:56
Тажиктин машинеси түшүп кеткенде шопурун сыйлап ысык жерде,машинесин чыгардыго. Эмнеге өзүбүздүкүлөргө жардам бербейт??
+14
ali....
2016-12-26 15:26:51
озубузго сак бололу туугандар жол азабы гор азабы
+3
kenjebek_a
2016-12-26 15:54:31
Бийлик,минтранс,Мчс кайыш ушалап жатабы.ХХХ
+8
admin_portal
2016-12-26 16:04:47
kenjebek_a, этика нормаларын сактаңыз!
-6
Zalkar_Shamaldy-Sai
2016-12-26 16:03:08
Кыргызстан озу ушундайго
+4
89elnura89
2016-12-26 17:56:21
Ай байкуш жакшы адамкен элдин жугун ойлоп жатканын.Аман калганынызга шугур,сиздей адамдар коп болсун ылайым.Жук аман болсок табылат рахмат сизге кыжалат болбонуз
+4
Barchynbek
2016-12-27 06:48:12
Ээ байке аман болсон болду.калганы табылат.рахмат бирок бул кырсыкты ачыка чыгарып элди тушундургонунузго.ато жук ээлери аркандай тушунуп каргашы мумкунда. Туурабы туугандар?.АЛЛА берет калганын сабыр кылыныз кыжалат болбой.
0
madina.87
2016-12-27 07:50:45
Биздин МЧС эмне балатыга даярдык коруп журушобу?
Байкуш байкеге жардам берип коюшпайбы.
+1
Aikoo2014
2016-12-27 12:29:10
МЧС уктап жатабы эмне?! Жардам бербейби байкуш айдоочуга.
0
oska91
2016-12-31 03:13:18
Ушул байкени ким тааныйт? номери болсо бергилечи сураныч
0
oska91
2016-12-31 03:15:47
Админ ошол сиздерге кабар берген окурмандын номерин бере аласызбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан