Аида Салянова "мага козголгон кылмыш иши негизсиз" дейт

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт. Депутат бул боюнча билдирүү таратты.

"Елисеевдин лицензиясын узартууга карата факт боюнча, айрыкча мага карата кылмыш ишин козгоого негиз жок. Лицензия мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен узартылган. Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзамда лицензияны узартпай коюуга бир да негиз болгон эмес. Бул кылмыш иши саясий мүнөзгө ээ экени көрүнүп турат. Бул басым референдум боюнча позициямды ачык билдиргенден кийин күчөдү", - деди Салянова.

Эскерте кетсек, Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кечээ Башкы прокуратура маалымдаган. Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тиешелүү материалдарды Башкы прокуратурага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тапшырганы айтылды. Тергөөнү Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.

Айта кетсек, Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан