Ак үйдөгү гардеробдо иштеген аялды дааратканага барып келгени үчүн жумуштан кетиргени жатышат

Жогорку Кеңештеги гардеробдо иштеген аялды дааратканага барып келгени үчүн жумуштан кетиргени жатышат. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен суукка карабай эртеден кечке чейин гардеробдо отурам. Айлыгым 6300 сом. Кечээ "кийимиңиздерди кирип алып кетсеңиздер" деген жазууну калтырып, дааратканага чыгып кетсем, бир чоң киши буга нааразы болуп интернетке жазып салыптыр. Эми мени жумуштан кетирүү боюнча акт түзүлүп жатат", - деди аял.

Айта кетсек, кечээ, 26-декабрда КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков: "Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинен чыгып, күрмөмдү алайын деп барсам, өзүн өзү тейлөө режимине өтүп кетишиптир!"- деп Фейсбуктагы баракчасына жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (68)
kubat_73
2016-12-27 15:04:14
ХХХ ааламга жарыя кылбай жазылып турган сон оз курмосун кийип кете бербейби эптеп жан багып жургон бир байкуштун убалына калбай.Ушундан сон эми сенде эмненин ХХХ ХХХ КТРКандан кундо он жолудан кайталап корсот.
+5
admin_portal
2016-12-27 15:07:07
Kimbar, Saribulak, Lion., rusmaximus, kubat_73, Kimbar, этика нормаларын сактаңыздар!
-5
Kimbar
2016-12-27 15:11:16
илим карыпбеков кийинки барганда гардеробтун чанында текшере келсин чаны суртулуптурбу же жок. мектептегидей тазалык министри болуп хе хе ))))))
+8
tabyshmak
2016-12-27 15:12:40
Ааа гардеробдон Илимди бироо тейлеп, кийимин кийгизуу керек беле? Иии... муну гардероб кызматкеринин инструкцияда жазылган кызматтык милдети экенин тиешелуу адам тушундуруп, ал тууралу кол кат алып коюсу зарыл эле да. Илим учун бул эже эле эмес, эженин мындай ото чон ката кетируусуно себепкер болгондорго да баа беруу керек.
+5
asad345
2016-12-27 15:19:28
Илим АУП КРде сабак бергенде таэнеме Ак уйдон иш таап берем деп мага айтты эле мумкун ошон учун жамандап жазса керек байкушту
+4
kalima88
2016-12-28 04:13:18
asad345,тушунбодум.Эмнеге сага жумуш таап берем дегени учун , Илимди жамандап жазыш керек?
-1
bema_bema
2016-12-27 15:21:02
Иий кечирип кой Илим сага бироо кийгизип коюш керек эледа куртканы.

Б
+5
nurdam
2016-12-27 15:21:40
келгиле ошол аялдын ордун илимге алып берели,балекет садагасы менен жаны жылдык белек болсун!илим деген атына заты жарашпаган ХХХ ктр дин мудуру!
+7
admin_superstan
2016-12-27 15:51:56
nurdam, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
-1
admin_portal
2016-12-27 16:10:11
kubat_73, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
nurkojo
2016-12-27 17:01:39
Фейсбуктагы посттун удалить этип салыптыр
+3
azimbaeva1989
2016-12-27 17:30:37
Элди ойлобогон башкаруучу деп коёт мындайды. Оз кызыкчылыгын ойлогон ушулда. Зонтик карматкандан да отуп кетиптирго текеберлиги
+3
Kumarchik
2016-12-27 17:41:47
Корбогондун коргону курусун,атын чыкпаса жер ортто дейт интернетте звезда болгун келгенго
+2
Azizbek.kg8
2016-12-27 17:59:23
Уят Илим Алсыздарга кучун жетипби ,кусур жаман билсең уруп кетиши мункун
+2
Alibek-0001
2016-12-27 18:33:05
Илим ХХХ экенсин го
+1
azamat85
2016-12-27 23:18:52
Негизи аялдын таштап кеткени туура эмес, эгер видео байкоо болсо анда нормально. Бирдемке жоголуп кетсе жооп берип калат. Илимдин аты эле жакшы, озу ХХХ
0
admin_portal
2016-12-28 09:25:30
azamat85, Alibek-0001, этика нормаларын сактаңыздар!
0
Mervi
2016-12-28 01:08:13
Ушундай чон мекемеде 6300 сомго бир адамдын иштегени тан калдырат. Депутаттарга гардероб ото зарыл болсо айткандай эки адам ишке алышсын да. Аларга 6300 акча деле эмес болуш керек. Депутат эмес карапайым калкка деле бул акча эки уч кундук да.
+1
gitaris93
2016-12-29 15:12:14
Жакшы ачуу чындык пикирди жазат элемго бирок жаны эле бандан чыктым дагы банга кетип калбайын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан