Чолпон Жакупова депутаттык мандаттан баш тартуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 27-декабрда БШКдан билдиришти.
Депутат арызында ыйгарым укуктарын 2017-жылдын 1-январынан тарта токтото турганын жазган. Арызды БШК качан карай турганы азырынча белгисиз. Жакупованын арыз жазышына 11-декабрда өткөн референдум себеп. Депутат буга чейин Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, эгер референдум өттү деп таанылса, депутаттыктан баш тартарын айткан эле. Аны мандатын тапшырбоого чакыргандар да көп, бирок депутат айтканынан кайта элек.
Жакупова 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Бир бол" партиясынын тизмеси менен парламентке келген. Анын ордуна партиянын тизмеси боюнча Дүйшөн Төрөкуловдун келери күтүлөт. Төрөкулов мурда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеген. Коомчулукта анын "Душка" деген лакап ат менен белгилүү криминалдык чөйрөнүн өкүлү экени айтылып жатат.