ЭЛДИК КАБАР: "Техника бар болсо да, Чаткалдын жолдорундагы кар тазаланбай жатат" дейт окурман

Бүгүн, 27-декабрда Чаткал районунда түнү менен жааган кардын калыңдыгы 40 сантиметр болуп, көчөдө басуу кыйынчылыктарды жаратып жатат. Бул тууралуу окруман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар, Айгыр-Жал айылдарынын кээ бир аймактарында кардын калыңдыгы 50-60 сантиметрге жетти. Жол-эксплуатациялоо кызматынын техникасы бар болсо да, түшкө чейин жолдор тазаланган жок, кызматкерлер уктап жатышат. Окуучулар мектепке барууда кыйналышты. Техникалар дагы кээ бир жерлерден өтө албай, карга тыгылып жатат. Айылдар арасындагы жана башка айылдардагы көчөлөрдө да абал ушундай. Бир гана Каныш-Кыя айылында ар бир көчө кардан тазаланган", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ainura220888
2016-12-27 13:38:06
Чаткалда кар тазалаганы жетишбей атса керекда бир тундо эле 40см каар жааса
+3
Dima85z
2016-12-27 15:31:48
Айнура туура айтасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан