Кыргыз жергесинин аймагына 2014-жылы 1 миллион 594 миң доллардын тегерегинде 839 тонна, 2015-жылы 1 миллион 49,5 миң доллардын тегерегинде 671 тонна пиротехникалык каражаттар ташылып келинген. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Мамлекеттик бажы кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Ал эми 2016-жылдын 11 ай аралыгында аталган каражаттар жөнүндө маалымат Бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системинин базасынан табылган эмес.
"Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирген мезгилден баштап ЕАЭБ өлкөлөрүнөн кирген товарларды Бажы кызматы көзөмөлдөбөй турганына байланыштуу өлкө аймагына кирген пиротехникалык каражаттардын көлөмү тууралуу маалыматтын жок экенин билдиребиз", - дешти Бажы кызматынан.