Ош облустук балдар клиникасынын хирургуна болгон нааразычылык боюнча атайын комиссия дайындалды

Ош облустук балдар клиникасынын хирургуна болгон нааразычылык боюнча атайын комиссия дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова бүгүн, 27-декабрда билдирди.

Эске салсак, 21-декабрда Ош шаарынын тургуну аталган клиниканын хирургу Калдар Айбашовго нааразычылыгын билдирген. Окурмандын айтымында, Айбашов анын уулуна операция жасаган. Көп убак өтпөй операция болгон жери ириңдеп кеткен.

"Балдар клиникасынан алынган маалымат боюнча, бейтап 8-декабрда "курч мүнөздөгү флегмоноздук аппендицит, ириңдүү перитонит" диагнозу менен түшүптүр. Учурда "Элдик кабар" рубрикасына түшкөн маалыматтарды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлүптүр. Жыйынтыгы чыкса, сөзсүз түрдө кабарлайбыз", - деди Айгерчинова.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы хирургу перитонитке жасалган операциядан соң адамдын дене табы көтөрүлүп, операция жасалган жеринде ириң пайда болушу мүмкүн экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан