Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаалар тыгын жаратууда

Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаалар тыгын жаратууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар, Транспорт жана жол министрликтери билдирет.

"Оор жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүндө атайын чынжыр жок болуп, жайкы солярка колдонушкандыктан узакка созулган жол тыгынын пайда кылышууда. Тоолуу аймактардагы жол менен жүрүүнү көздөгөн айдоочуларга жанына чынжыр, күрөк салып жүрүүнү, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну жана кышкы күйүүчү май колдонууну сунуштайбыз", - деп жазылат ӨКМнын маалыматында.

"Сосновка" постунда жолдун тайгактыгына жана жол тыгындарына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга саат 17:00дө чектөө коюлган.

Ал эми Транспорт жана жол министрлиги Бишкек-Ош жолуна жааган кар Жол эксплуатациялоочу башкармалыгы тарабынан тазаланып жатканын билдирип, оор жүк ташуучу унаалар эрежелерди сактабагандыктан унаа тыгыны жаралып жатканын кошумчалады.

"Кар тазаланып жатканына карабай фуралар өр жерлерде чыга албай, бурулуштардан өтө албай, жолду тосуп жатышат", - деп жазылат маалыматта.

Министрликтин маалыматына ылайык, 28-декабрда Төө-Ашууда 9 оор жүк ташуучу унаа карга тыгылып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ramzan1982
2016-12-28 14:45:22
Кыргызстанда Москвадагыдай пробка болуп калыптыр да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан