Жогорку Кеңештин депутаттарынын Тайвань аралына иш сапары менен барып келишкени кыргыз-кытай мамилелерине көлөкө түшүрүп жатат. Мындай нааразычылыгын бүгүн, 28-декабрда парламент жыйынында төрага Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Анын айтымында, депутаттар чет өлкөгө чыгарда мамлекеттин позициясын эске алып турушу керек. "Көп учурда депутаттар чет өлкөлөргө жеке чакыруулардын негизинде барып турушат. Кээ бир иш сапарлар эл аралык мамилелерге көлөкө түшүрүп жатат. Мисалы, жакында депутаттар Тайванга барып келишкен. Кытай-Тайвань мамилеси кандай абалда экенин баарыбыз билсек керек. Кытай - биздин стратегиялык өнөктөш мамлекет. Ошондуктан иш сапар менен чыгар алдында алдын ала макулдашыш керек", - деп кайрылды парламентке төрага.
Тайванга барып келген депутаттар иш сапар эч кандай саясий же экономикалык мүнөздө болбогондугун айтышты. "Тайвандан жеке чакыруу болгон. Биз ооруканалардын ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында барганбыз. Расмий документтерге кол койгон эмеспиз", - деди Тайванга барып келгендердин бири Мирлан Бакиров.
Айта кетсек, Кытай Республикасы (Тайвань) 1912-жылы түзүлүп, 1949-жылга чейин континенталдык Кытайдын жалпы аймагын башкарган. 1949-жылы жарандык согуштан кийин Кытай Эл Республикасы түзүлгөн. Ошол убактан бери Тайвань аралы өзүн өз алдынча мамлекет деп санаса, Кытай Эл Республикасы аны мамлекет катары тааныбайт.