Жаңы жылда, кышкы каникулда ооруп калбаш үчүн 10 кеңеш

Кышында өнөкөт оорулар күч аларын Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет. 2016-жылдын кыш айлары баштала электе өлкө боюнча сасык тумоо оорусу күч алды. Ооруларга чалдыкпаш үчүн эмне кылуу керек? Анда министрликтин адистеринен 10 эң жөнөкөй кеңеш:

  1. Эмдөө. Сасык тумоонун "майрамы" болбойт экенин унутпоо керек. Оорунун алдын алуу үчүн эмдөөдөн өтүү керек. Көпчүлүк адамдар сасык тумоого каршы кадимки эле эрежелерди сакташпайт. Алар көп деле аракетти талап кылбайт жана жөн эле сергек жашоонун эрежелери болуп эсептелинет. Оорудан сактануунун дагы бир жолу: күнүмдүк керектелчү азыктарга имбирь, лимон жана ачуу калемпирди колдонуу керек. Мындай "калканды" вирустар оңойлук менен буза алышпайт.
  2. Коргоочу каражаттар. Даки таңгычын ар бир 3-4 саатта алмаштырып турсаңыз, ал да жакшы коргоочу.
  3. Желдетилген бөлмөлөр да жылуу, кургак абаны "жакшы көргөн" сасык тумоонун душманы. Терезелерди бир сааттын ичинде бир нече мүнөткө, жок дегенде бир жолу ачыш керек. Ысытуучу жабдуудан баш тартып, жылуу кийимге өткөнүңүз оң.
  4. Бөлмөлөрдү түтөтүү. Биздин ата-бабалардын арча күйгүзүү салтын колдонсо болот.
  5. Суусундукту көп ичүү. Суюктукту сасык тумоо болуп жатканда гана ичпестен, аны алдын алуу үчүн да ичсе, организмдеги уулуу заттар бат чыгат. Лимон, малина, карагат жана бал менен чөп чайларын жана ит мурундун кайнатмасын ичүүнү сунушташат. Аларды башка суусундуктарга, өзгөчө газдалгандарга алмаштырбоо керек. Үшүп калган маалда 10-15 мүнөткө бутту ысык сууга салуу жакшы жардам берет.
  6. Туура тамактануу. "Өлө жегенче, бөлө же" деген жакшы сөз бар. Жаңы жылда, кышкы каникулда тамак-ашты ашыра жеп, алкоголдук ичимдиктерди көп ичпөө керектигин эскертишет адистер. Туура тамактануу, витаминдерди, минералдарды колдонуу организмге кооптуу инфекцияга каршы турууга күч берет. Сарымсактын эффективдүүлүгү эбак далилденген, андыктан күнүнө анын 1-2 тишчесин жеп коюу пайдалуу. Андагы фитонцид деп аталган биологиялык активдүү заты бактерияларды жок кылат.
  7. Өздүк гигиена. Колдорду тамакка чейин жана тамактан кийин, өзгөчө коомдук жайлардан чыккан соң жакшылап жууңуз. Сасык тумоо менен ооругандар инфекцияны туткаларга, отургучтарга, идиштерге калтырышат, андыктан колдоруңузду бетиңизге көп тийгизе бербеңиз. Идиштерди ысык суу менен жууңуз. Эгер үйүңүздө бирөө ооруп калса, өзүнчө идиш бөлүп бериңиз.
  8. Зарыл болбосо климатты алмаштырбаңыз. Кышкы каникулда көпчүлүк адамдар ысык жерлерге барууну каалашат. Организмди климаттык сыноодон сактаңыз. Климаттык аймакты тез убакта алмаштыруунун кереги жок. Сиз канчалык жаш жана дени сак болсоңуз да, организм үчүн бул чоң сыноо. Ысык өлкөгө бардыңыз, көнүштүңүз. Кайра бир аз убактан кийин суук мекенге кайтууга мажбурсуз. Муну көтөрүү кыйын болот.
  9. Тамакты даярдоо жана сактоо. Майрам күндөрү ууланып калбаш үчүн салаттарды, эт тамактарын үй шартында жеткиликтүү гана өлчөмдө жасоо сунушталат. Калган тамак 1 суткадан көп убакыт сакталбашы керек. Дүкөндөн алынган тамактын мөөнөтүн караңыз. Креми бар таттууларды муздаткычта сактоо керек. Алар бат бузуларын эстен чыгарбаңыз. Тамак жасап жатканда жер-жемиш менен этке өзүнчө бычак, такта колдонуңуз. Чийки азыктар менен бышкан азыктарды муздаткычтын бир текчесине салбаңыз. Эгер ичиңиз ооруп, жүрөгүңүз айланса, үй-бүлө үчүн тамак жасабаңыз.
  10. Азык-түлүк сатып алууда көңүл буруңуз. Жаңы жылдык майрам алдында сатып түгөтүү акциялары күч алат. Даяр тамак же таттуу азыктарын сатып алууда алардын этикеткасындагы колдонуу мөөнөтүнө, сактоо шартына өзгөчө көңүл буруңуз. Товарларды дүкөн, супермаркеттерден гана сатып алуу сунушталат. Сатуучудан азыктын коопсуздугун тастыктоочу документ суроодон тартынбаңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан