Убакыттын өтүшү менен жыл жыйынтыкталып, жаңы 2017-жыл кирип келүү алдында турат. Жаңы жылга аз калганда шаарлар жасалгаланып, майрамдын негизги белгиси болгон балатылар орнотулуп, бул өз кезегинде элдин маанайын көтөрүп, ар бир адамга кубаныч тартуулайт эмеспи.
Майрамга карата жыл сайын борбор калаада балаты базары уюштурулуп келет. Быйыл да адаттагыдай балаты базарлары шаардагы 4 райондо тең ачылып, тургундар үчүн үйлөрүнө жаңы жылдык балаты орнотууга шарт жаралды. Октябрь районундагы базар Кара-Жыгач конушунда жайгаштырылган.
Жол четиндеги базарда кадимки базардагыдай топураган эл жок. Анткен менен анда-санда унаалар токтоп, кардарлардын келгенин байкоого болот. Сатуучулардын бири Майрамкүл Батаева 1990-жылдан бери балаты өстүрүп, аларды сатат.
"Балаты өстүрүү, аны багуу, сатуу сыяктуу жумуштар менен 1990-жылдан бери жолдошум экөөбүз алектенебиз. Буга чейин менин атам да ушундай иш менен жан бакчу. Жаратылыштын өсүмдүгүнө кандай мамиле кылып, аны кантип өстүрүү тартибин атамдан үйрөндүм. Бул базарга 12-декабрдан бери чыгып жатабыз", - дейт Майрамкүл Батаева.
Ысык-Көл облусунан алынып келинген карагай, арчаларды сатуу менен алектенген 16 ишкер бар. Негизинен сатыкка чыккан арчалардын 90 пайызы дал ушул облустун аймагынан. Арасында эң жаш балатылар 6 жаштан жогору болуп, бийиктиги жарым метрден 1 метрге чейин жетет. Ал эми базарга алынып келингендердин арасында 30 жыл жашаган арчалар да бар. Алардын бийиктиги 8-10 метрге жетет.
"Учурда базарда арча, балатынын 3 түрү сатылууда. Алар көлөмүнө жараша бааланат. Кичинелери 1 миң сомдон жогору. Бир аз чоңураагы 2 миң сомдон жогору. Эң чоң балатыларга баа коюлган эмес. Кардар менен келишим баада сатылат. Учурда 2500 сомдук эки балаты саттым. Ар бир соодагер бир күндө 2 же 3 балаты өткөрөт. Кечкисин кароолчулар кайтарып жатышат. Алар үчүн бир күнгө 150 сомдон акы төлөйбүз", - деп кошумчалады соодагер.
Майрамкүл Батаева 7 баланын энеси. Алар үй-бүлөсү менен балаты өстүрүп, багбанчылык менен каражат табышат. Мындан сырткары гүл өстүрүп, гүл базарга чыгышат.
Базардагы соодагерлердин көпчүлүгү карагай, арча өстүрүү менен алектенишет. Мындан улам жаш арчаларды атайын чакаларга отургузуп, сатууга ыңгайлаштырып алып келишет. Ар бир чаканы 300 сомдон сатып алат. Учурда аталган базарда кызыл карагай, көк карагай, Тянь-Шань карагайы сатылууда.
Ал эми Адилет Азимов 5 жылдан бери балаты өстүрүү менен алектенет. Ал Жаңы жыл алдында балаты сатуу менен каражат топтоп аларын айтты.
"Бүгүнкү күндө жашоочулар балатыларды майрамга карата үйүн жасалгалоо үчүн сатып ала баштады. Майрам өткөндөн кийин короолорун жашылдандыруу үчүн ала башташат. Бул учурда үй-бүлөбүзгө жетиштүү каражат топтоп алууга шарт түзүлөт. Негизи, мындай жумуш менен тиричилик өткөрүүгө болот", - дейт ал.
Балаты өстүргөн ишкерлер бул иш менен алектенүү үчүн да каттоодон өтүп, мамлекетке салык төлөшөт. Соодагерлердин айтымында, аларды Экологиялык коопсуздук боюнча инспекциянын инспекторлору, укук коргоо кызматкерлери текшерип турушат.
Ишкерлер арча-карагай сатып алуучуларга тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргыз жергесинде аларды февраль айында отургузуу туура болорун айтышат. Анткени жылына 12 ай жашыл өңдөн тайбаган арча, карагайлар жабык тамырлуулардын катарын толукташат. Айтылган мезгилде тамырын кенен казып, башка жерге көчүрүүгө болот. Ошол эле учурда отургузулган арчага азык берип жакшы кароо талап кылынат.