21-декабрда Анталиянын Коркутели районунун жолунан табылган кыздын ата-энеси табылды. Бул тууралуу мекендешибиз Элина Эргешова бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, 21 жаштагы М.Н. Токтогул районунун тургуну.
"Алгач бул жактагы мекендеш эжелерибиздин жардамы менен Москвадагы эжеси, андан соң ата-энеси табылды. Эжеси менен акыркы жолу 19-декабрда байланышыптыр. Эми ата-энеси эртең жолго чыгат. Анталиядагы кыргыздар алардын чыгымдарын көтөрмөй болушту. Жардамдашкандардын баарына ыраазычылык билдиребиз", - дейт Эргешова.
Ошондой эле Э.Эргешова бул иш боюнча Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын консулдугунун ишмердүүлүгүнө нааразы экенин кошумчалады.
Жабыр тарткан кыздын ата-энесин Стамбулдан Кыргыз Республикасынын элчилигинин өкүлдөрү тосуп алары белгилүү болгон.