Жумгал районунда кар көчкү алдында калган чабан изделүүдө

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Кара-Дөбө кыштоосунда чабан кар көчкү алдында калгандыгын ӨКМнын маалымат кызматы кабарлайт. Маалыматта белгилүү болгондой, окуя кечээ, 28-декабрда түштөн кийинки убактарда катталган. Чабан тоо түбүндө мал кайтарып жүргөн учурда кар көчкү жүргөн. Жергиликтүү тургундар аны кечке чейин өз алдынча издешип, бирок жыйынтык болбогондо Куткаруу кызматына кайрылышкан. Учурда чабандын аты-жөнүн тактап, түшкөн көчкүнүн көлөмүн аныкташууда. Издөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан