Кытайдагы Цзилинь провинциясынын 64 жаштагы жашоочусу уул төрөдү. Жаш курагы боюнча аялдардын арасынан эң улгайган куракта төрөгөн бул жаран рекорд койду десек жарашат. Жергиликтүү басылмалар баланын да, эненин да ден соолугу жакшы, туруктуу экенин жазып чыгышты. Улгайган эне 28-декабрда Чаньчунь шаарындагы төрөт үйлөрдүн биринде көз жарган.
Эне экстракорпоралдык (жасалма) бойго бүтүрүү ыкмасы менен балалуу болууну көздөгөн. Жолдошу экөөнүн мындай планы ишке ашып, боюна бүткөн. Улгайганда балалуу болуу чечимине үй-бүлө жакын арада эле алардын жалгыз баласы каза болуп калгандан кийин келишкенин жакындары жергиликтүү басылмаларга айтып беришкен.