Депутаттар чиновниктерге кымбат белек алууга тыюу салышты

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңеш “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге, саясий, административдик жана атайын кызматтарды ээлеген адамдарга 10 эсептик көрсөткүчтөн (1 миң сом) жогору бааланган белектерди алууга тыюу салынат.

Мындан тышкары чиновниктерге дипломатиялык белектерди расмий протоколдук иш-чаранын алкагында гана алуусуна уруксат берилет. Дипломатиялык белектер мамлекеттин менчиги болуп саналат, ошондуктан дипломатиялык белектер мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун жана ишкананын балансына өткөрүлүп берилиш керек. Чиновниктер өкмөт аныктаган тартипте дипломатиялык белекти сатып ала алышат.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, бул долбоор кызмат адамдарын коррупцияга алып барган кырдаалдардын санын азайтууга багытталып, саясий жана системдик коррупциялардын алдын алуу боюнча чараларды жана административдик реформаларды улантууга багытталган. "Мыйзам долбоорунун негизги жаңылыгы коомдо пайда болгон кызыкчылыктардын кагылышы жана коррупциялык көрүнүштөрдүн жыйынтыктары менен күрөшүү эмес, аларды алдын алууга багытталгандыгында турат", - деп айтылат долбоордун негиздеме-маалым катында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан