Бишкектеги Өчпөс отко видеокөзөмөл орнотулду

Бишкектеги Өчпөс отко видеокөзөмөл орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, видеокөзөмөл орнотуудагы негизги максат - тартип бузуулардын алдын алуу жана коомго жат көрүнүштөрдү көзөмөлдөө.

Буга чейин интернетке Өчпөс отко картошка бышырып жаткандар тууралуу видео чыгып, коомчулук арасында катуу талкууга алынган. Бишкек ШИИББи аларды издөөгө алган, бирок азырынча картошка бышыргандар кармала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан