Бишкекте "Берекет Гранд" соода борборунун сатуучулары менен администрациясынын ортосунда чыр чыкты. 60тан ашуун адам "Берекет Гранд" соода жайынын администрациясынын алдына нааразычылык билдирип топтолду. Буга жетекчиликтин соодагерлерге "мурда иштетип келген соода орундарыңар үчүн кайрадан акы төлөшүңөр керек" дегени себеп болгон.
"Биз "Берекет Гранд" соода борбору ачылгандан бери иштеп жатабыз. Ал убакта сатып алуучу жок, кыйынчылык болуп турган. Ар кандай жол менен кардарларды тартканбыз. 2010-жылы шаарда баш аламандык болуп турганда балдарыбыз мародёрлордон күнү-түнү коргогон. Эми минтип борбордун ээлери бизге тескери мамиле кылып жатышат. Имараттын жер төлөсүн толугу менен оңдошту. Мындан ары орундардын 1 чарчы метрин 900 АКШ долларына сатып аласыңар деп жатышат", - дейт соодагер Мээрим Кабылова.
Ошондой эле ишкерлер соода жайынын жетекчилиги менен түзүлгөн келишимдердин мөөнөтү бүтө электигин айтышат. Айрымдары 2017-жылга чейин келишим түзүшсө, башкалары 2019-жылга чейин түзүшкөн. Бул жайдын администрациясы мындан ары түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарып, кайрадан келишим түзүү талабын койгон. Бүгүнкү күндө 1 чарчы метр соода жайына күнүнө 70 сомдон акы төлөнөт. Мындан сырткары соодагерлер мамлекетке салык төлөшөт.
Асыл Коколова "Берекет Грандда" 3 жылдан бери иштейт. Ал буга чейин иштеп жаткан 20 чарчы метр ордун 9 миң АКШ долларына сатып алган. Эми ал иштетип келген жайынан кол жууп жатканына нааразы.
"Бул соода борборунун жер төлөсүндө соода кылып үй-бүлөмдү багам. Мындан ары жер төлөдө бир гана уюлдук телефон саткандар иштейт деген талапты коюп жатышат. Жакында соода жайдын бардык кабаттарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ушундай шартта иштетерин айтышты. Аталган жайда оңдоп-түзөө жүргүзүлгөндүктөн, 1 айдан бери иштей элекпиз", - деп билдирди Коколова.
Соодагерлердин талабын угууга соода жайдын башчысынын орун басары чыкты. Ал мындай шартта маселе чечилбей турганын айтып, соодагерлер кат жүзүндө кайрылуу жасашы керектигин кошумчалады.
"Бул маселени нааразычылык акцияга чыгып, азыр чече албайбыз. Биздин дагы өзүбүздүн юристтерибиз, кеңешчү адамдарыбыз бар. Алар менен макулдашышыбыз керек. 4-январда талаптарыңарды жазып келгиле, маселени карайбыз", - деди соода борборунун администрациясынын өкүлү.