Мындан 250 жыл мурун, 1766-жылы 29-декабрда суу өткөрбөгөн кездемени ойлоп тапкан шотландиялык химик Чарльз Макинтош төрөлгөн. Ал Шотландиянын Глазго шаарында боёкчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Кичинекейинен илимге кызыгып, окуусун аяктаган соң химиялык өнөр жай ишканасына жумушка орношкон. Британиялык химик Чарльз Теннант менен кездемелерди агартууда колдонулуучу хлордуу аки ташты ойлоп тапкан.
1823-жылы окумуштуу эксперимент жүргүзүп жатып пиджагынын жеңин каучуктун эритмеси менен булгап алат. Бир нече убакыттан кийин ал эритме төгүлгөн жерге суу жукпаганын байкап, ойлоп тапкан кездемесине патент алган. 1836-жылы өзүнүн "Charles Mackintosh and Co" компаниясын негиздеп, элдин чоң суроо-талабын пайда кылган "Макинтош" плащтарын массалык түрдө чыгарып, дүйнөгө атагы чыккан.
Атактуу химик 1843-жылы 25-июлда көз жумган.
29-декабрга карата жылнаама.