24-апрелде Ирандын Мешхед шаарында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Азия чемпиондугунун тандоо турунда атаандашына утулуп калды. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирет. Айта кетсек, анда мекендештерибиз индиялык футболчулар менен беттешип, оюн 1:4 эсебинде индиялыктардын жеңиши менен бүткөн. Маалым болгондой, кыргызстандыктардын кийинки оюну 26-апрелде пакистандыктар менен болот.