Бишкекте кургак учук менен ооруган кичинекей балдар үчүн жаңы жылдык майрам өттү

Улуттук фтизиатрия борборунда кургак учукка чалдыккан кичинекей балдардын жаңы жылдык майрамы 29-декабрда өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-декабрда кабарлады.

Иш-чара борбордун кызматкерлери, И.Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын студенттери жана активдүү жарандардын колдоосу менен өткөн. Ошондой эле Чүй облусундагы Арчалы айылындагы кургак учукка каршы оорукананын кичинекей бейтаптары да Аяз атадан белектерди алышты.

УФБнын балдар бөлүмүнүн жетекчиси Айсалкын Тешебаеванын айтымында, учурда анын бөлүмүндө 30 бала кургак учук менен ооруса, 13ү 5 жашка чейинкилер, ал эми эң кичинекейи 6 айлык. Жетим балдар үйүнөн келгендер да бар. Кээ бири оор түрдөгү кургак учукка чалдыккан. Алардын дарылануусу көп убакытты жана каражатты талап кылат.

"Балдар арасында кургак учук менен ооругандар көбөйдү дебейм, бирок бул оору улам күчөп жатат", - дейт Тешебаева.

Ал эми борбордун директору Абдуллаат Кадыровдун айтымында, бул жылдын 9 айынын көрсөткүчү боюнча балдар арасында кургак учук менен ооругандардын саны азайып, 100 кишиге 16,6 көрсөткүчүнө ээ болсо, өткөн жылы бул көрсөткүч 100 кишиге 21,1ге барабар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alinur.Jumagul
2016-12-30 10:12:57
Ии бобоктор оорубасынчы? Алтындарым батыраак сакайып кеткиле.Алла шыпасын берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан