2017-жылдан тарта Орусияда эмгектенген кыргыздар милдеттүү медициналык камсыздоого ээ болушат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Орусияда ЕАЭБге мүчө болгон өлкөлөрдөн келген мигранттарга 2017-жылдын 1-январынан баштап милдеттүү медициналык камсыздоого ээ болуу мүмкүнчүлүгү жаралат. ЕАЭБ келишимине ылайык, аталган биримдикке кирген өлкөлөрдүн жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө пенсиядан башка социалдык камсыздандыруулар каралган.
"Эми кыргыз жарандары орусиялыктардай эле милдеттүү медициналык камсыздоого ээ боло алышат", - деп айтылат маалыматта.