Бишкек шаарынын Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде азык-түлүк жарманкеси өтүүдө

Бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаарынын Султан Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Жаңы жыл алдында жашоочуларга арзан баада түрдүү азык-түлүктөрдү сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Соодагерлер жана сатып алуучулар эртең мененки саат 07:00дөн баштап соодага чыгышкан.

Жарманкеде сатыкка чыгарылган эт, картошка, сабиз, бал, май, жашылча-жемиштер жана таттуулар базар баасынан арзан бааланууда. Жарманкенин жүрүшү 31-декабрь күнү кечке чейин уланары белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан