Казакстанда Алматы-Чолпон-Ата шаарын байланыштыруучу асма жол долбоору көрсөтүлдү

Казакстандын Алматы шаарында архитекторлордун эмгектери көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Алматы шаары менен Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарын байланыштыруучу асма жол долбоору көрсөтүлдү. Аталган долбоор Күнгөй Ала-Тоо тоо кыркаларынын түндүк капталдары аркылуу өтүп, Ысык-Көлгө чейин жетет.

Архитекторлордун планы ишке ашса, жайкы жана кышкы сезондон сырткары аталган жол менен күнүмдүк тейлөө иштери да жүргүзүлүшү мүмкүн. Ошондой эле долбоор ишке ашкан күнү Алматы-Ысык-Көл жол каттамына кеткен убакыт 2,5 сааттан 3 саатка чейин кыскарат. Курулуш иштерине болжолдуу 1 миллиард АКШ доллары жумшалмакчы. Долбоор 2008-жылы архитекторлор тарабынан иштелип чыккан.

Статистикалык маалыматка ылайык, 2008-жылдан бери Алматы шаарынан Ысык-Көлгө 850 миңге жакын адам эс алууга келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
suban78
2016-12-30 14:30:38
Ээ жизин курулбайт мындай нерсе, жолду норм.й онлой албайтышат. Ото эле кымбат да
0
glaz_almaz
2016-12-30 15:45:32
suban78, мындай ачык болсо кышында жеткичейин тонуп калат го.
+3
Romantik.
2016-12-30 15:54:24
glaz_almaz, туура айтасынар мындай иш болбойт мындай создор куру убадалар
+2
seni.gana
2016-12-30 19:33:52
glaz_almaz,мунун жабыгы дагы бар
0
erkekyz1
2016-12-30 15:58:48
Бул жолду коюп башка оңдолбой жаткан жолдорду оңдоп түзөсүнчү аңгыл дөңгүл кылбай.
+1
ekaterinburg
2016-12-30 16:04:34
Курса кура беришет,эмне экен.Инвесторлор дегендер бар.Менимче казак тарап кызыкдар болуп атат ондонот.Казак туугандардан инвесторлор чыкса кура беришсин,алар байлар,камырабайт.Биздикилер точно кура алышпайт.
+3
erkekyz1
2016-12-30 16:37:04
Демек ошондо казактар биздин Ысык-Көлгө кызыкдар болуп жатышат и анан акырындап колго алганы жатышат да
+4
sultan89
2016-12-30 19:51:21
erkekyz1,оа алар туристтерди алма атага
чакырып ошол еле алма атанын ичиндеги
екскурсияга биздин кереметтуу ыссык колду
да кошуп акча иштемекчи болтат.
+3
Nur1k
2016-12-30 16:40:20
Ахаха точка А дан точка Б га жеткиченди тонуп олуп каласынго
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан