Чаткал-Ак-Таш жолуна түшкөн кар көчкү тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда SUPER.KG порталына Чаткал райондук жол тейлөө ишканасынын башчысы Мурат Жоошев билдирди.
"Чаткал-Ак-Таш жолундагы 17 чакырымда абал оор. Кар көчкүдөн улам жол каттамы жабылып, байланыш үзүлүп калды. Жолдун 4-9-чакырымдарына 29-декабрь күнү күндүз көлөмдүү кар көчкү түшкөн. Азырынча көчкүнүн көлөмү тактала элек. Учурда 1 бульдозер, 1 кар жүктөөчү кубаттуу техника бир тараптан тазалоо иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирди Жоошев.
Маалыматка ылайык, Ак-Таш айылында 100дөн ашуун кожолук эл жашайт.