Ырчы Иса Өмүркулов: "Карындашым дайыма дарыгердин көзөмөлүндө"

Ушул жылдын ноябрь айында ырчы Иса Өмүркулов карындашы ооруп жаткандыктан, жардам сурап коомчулукка кайрылган. "Бир тууган агамдын кызы ооруп, ага "инфантилдүү нефротикалык синдром" деген диагноз коюшту. Анын курагында бөйрөгүн алмаштыруу мүмкүн болбогондуктан жана бөйрөктүн жакшы иштеши үчүн учурда кымбат баалуу, азаптуу дарылануудан өтүүгө туура келип жатат", - деп бизге берген маектеринде билдирген эле.

Ал эми бүгүн, 30-декабрда ырчы карындашынын учурдагы абалы тууралуу SUPER.KG порталына буларды билдирди: "Карындашымдын абалы азырынча орто. Учурда Бишкек шаарында. Буюрса, Жаңы жылды чогуу тособуз. Абалы жакшы болуп туруп эле күтүүсүздөн катуу ооруп калышы мүмкүн. Анан ооруканага барып тиешелүү дарыларды алып келет. Учурда дале дарылануусу уланууда, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Социалдык тармактардагы кайрылуудан кийин жардам колун сунгандар болду. Жалпы 20 миң сомдой акча каражаты чогулган. Буюрса, кайрымдуулук концертин өткөрсөкпү деп турабыз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан