Ноокат районундагы оңдолбой жаткан көпүрөдө күн сайын кырсык катталууда

Ноокат районундагы Көк-Жар жана Он-Эки-Бел айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы оңдолбой жаткан көпүрөдө күн сайын кырсык катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда SUPER.KG порталына Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Кутманбек Турсункулов билдирди.

"Бул көпүрөдөн Көк-Жар жана Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн эли өтөт. Көпүрө айыл өкмөттүн карамагында эмес. Транспорт министрлигинин балансында турат. 2016-жылы оңдолот деп жаткан болчу, бирок быйыл курулуш башталган жок. Унаа өтүүчү көпүрөдө күн сайын кырсык катталууда. Быйыл көпүрөнүн бузулган абалда жатканына 3 жыл болот", - деп билдирди айыл аймак башчысы.

Эске салсак, окурман 29-декабрда "Элдик кабарга" көпүрө 2 жылдан бери оңдолбой жатканын, мындан улам оор жүк ташуучу унаалардын бири оодарылып кеткенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KGstan1981
2016-12-30 18:55:14
Копурого акча жок 2018ж. милиардтарды сарптап Дуйнолук Кочмондор Оюнун откозуш керек.Атамбаев чон тойлорду откозуштон башка эчтекени билбейт.
0
Shurik
2016-12-30 22:34:51
Бул жол Ош - Баткен каттамындагы негизги жол ээми элестеткиле канча техника отот бир кундо айрыкча цемент заводдун фуралары ,жамгыр же кар жааса болду энебизди коробуз ары бери каттай албай.
+2
aidinaernur
2016-12-31 00:08:05
Откондо жанылактардан корсоткон башка беле?
Торобай Зулпукаров суйлоп корсотсо ошол копуро деп ойлогонмун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан