СУПЕРСТАН: "Полиция кызматкерлеринен качып муздаткычка жашынып калганда..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Чет өлкөдө башыңыздан өткөн окуялар" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Рестораныбыз банкрот болуп жабылып жаткан, менеджер эки-үч кызматкерди тазалашып койгула деп алып калды. Жыйнап жатсак полиция кызматкерлери келип калышты, менин документим жок болчу. Документимди сурашканда "азыр" деп муздаткычты айланып жатып ичине кирип алдым. Алар кайда жоголуп кеткениме түшүнбөй бир саат издешкен. Мен тоңуп калгам. Аягында тигилерден акча алып кетишкен".

"Жаңы ишке кирген күн. Куруучу болуп кирип жаткам, жетекчи келип "Эмне кылганды билесиң?" деп калды. Мен сыр бербей "баарын кылам" дедим. Аңгыча колума перфоратор берип койду. Өзүмдү кыйын сезип, баскычын баса койсом титиреп кетти вибрация болуп, коркконумдан ыргытып жибердим. Ал барып жетекчинин алдына түшүп калды. Анын шылдыңдап күлгөнүн айтпа!"

"Мен анда 17 жашта элем. Бир орус келип "Канча жаштасың?" десе, 17ни орусча айтам деп "семьдесят" десем күлгөн бойдон кетти. Анан ойлонуп эсептеп баштадым".

"Батирде бут коёрго жер жок. Таң эрте баары таттуу уйкуда жатканда, бир-экөө жумушка эрте кетишчү. Бир күнү алар жумушка кетип жатса, жанымда жаткан киши "тарк" деп оосуруп койсо, мен уйкусурап "ак чүч" дептирмин. Эртеси айтып беришип баарыбызды күлдүрүшкөн".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zynk.kg
2016-12-30 22:14:12
Ак чуч дегени жарыптыр)))))
0
Drongo
2016-12-30 22:40:25
"Семьдесят"дегени абдан жакты,элестетип каткырып кулуп маанайым которулуп калды.
0
chon-alai90
2016-12-31 03:34:11
Кыргыз бир туугандарымда ха ха аябай коп да бир жолу кошунам айтып калды э достор жакында скоро деген кино болот экен деп ордубуздан турбай кулгонубуз эсимде
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан