КУУнун педагогикалык факультетин текшерген комиссия оң жакка чечим чыгарды

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогикалык факультетин текшерген комиссия оң жакка чечим чыгарды. Бул тууралуу педагогикалык факультеттин окутуучусу Мирбек Шарабидинов SUPER.KG порталына бүгүн, 30-декабрда билдирди.

"Ректор Чынара Адамкулова педагогикалык факультетин жабуу тууралуу сөз болбой турганын, тескерисинче, чет элдик долбоорлор менен көп тармактуу иш алып бара турганын жалпы жамаатына убадалады. Ошондой эле ал комиссиянын чечими менен аталган факультетке карата айтылып жана жазылып келген ар кандай арызданууларга чекит коюларын баса белгилеп, акыркы чечимди өзү чыгара тургандыгын айтты. Педагогикалык факультетти өнүктүрүү тууралуу алдыда пландары бар экендигин айтты", - деди Шарабидинов.

М.Шарабидинов комиссия да педагогикалык факультететтин ишмердүүлүгү токтотулбасын деген чечим чыгарганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, окурман бүгүн, 30-декабрда педагогикалык факультетинин ишмердүүлүгүн текшерүүчү комиссиянын максаты факультетти жабуу экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан