КҮНСЕРЕП: Бекер автобус убада кылгандар Бишкекти башкарышат

Бүгүн, 30-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Аны камактан бошотуу өтүнүчү менен сотко Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө абагынын жетекчисинин орун басары кайрылып, өтүнүчтү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту канааттандырды. Нарымбаев 1,5 жылга чукул камакта болду. Чиновникти 2015-жылдын 27-ноябрында Биринчи Май райондук соту "алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан эле. Бул чечимди быйыл 26-майда Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. СИЗОдо өткөргөн 1 күнү 2 күн деп саналгандыктан, Нарымбаевдин жаза өтөө мөөнөтү дагы 7 айдан кийин бүтмөк. Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалып, Нарымбаев менен бирге камакка алынган экс-депутат Хажимурат Коркмазов үстүбүздөгү жылдын май айында (1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган) эркиндикке чыккан. Коомчулукта Нарымбаев бир адамдын көрсөтмөсү менен соттолуп кеткенин, кылмыш үстүнөн кармалган Коркмазов жеңил жазаланып калганын айткандар бар. Алар ушул эле кылмыш боюнча кармалып, соттолгон Кылычбек Арпачиевди мисалга келтиришет. 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган Башкы прокуратуранын мурунку кызматкери Кылычбек Арпачиев 14 жылга эркинен ажыратылды. Окшош кылмыштарга карата эки башка чечим чыгып жатышы сотторго болгон ишенимди жоготот. Башында Нарымбаев менен Коркмазовго карата “коррупция”, “опузалап пара талап кылуу”, “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча иш козголуп, кийин “алдамчылык” беренесине которулуп кеткен. Ушул жагдай экс-чиновниктерге жазаны жеңилдетүүгө түрткү болду.

Чиновниктерге тагылган оор беренелер "жумшарып" же кылмыш ишинин эпизоддору кыскарып кеткен учурлар дагы бар. Мурунку спикер Ахматбек Келдибековго 2013-жылы "коррупция", "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылып камакка алынган. Соттук териштирүү учурунда кылмыш ишинин эпизоддору кыскарып отуруп, акырында 10 миллион сом айып төлөө менен кутулду. Өлкөдө коррупцияга, кызматтык кылмыштарга каршы күрөш ушундай мүнөздө жүргүзүлүүдө. Айып “оор” беренелер менен тагылат, коомчулукка болушунча бул тууралуу маалымат кенен таратылат, аягында жаза "жумшарып", бир жылдан кийин “кечирим” берилет. Ошондон улам эл арасында "чиновниктер жазаланбайт, жазадан оңой кутулуп кетет" деген түшүнүк калыптанып калган. 2010-жылы бийликке келгендер коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзөрүн айтышкан, жыйынтык жашоодон байкала элек. Төрөт үйүндө, бала бакчада, мектепте, университетте, жумушка орношууда мурун кандай акча сурашса, акча алышса, эми деле ошол процесс уланууда. Муну бийлик ээлери сот реформасынын жасала электиги менен түшүндүрүп келишти. Жакында Конституция өзгөртүлдү. Маселе чын эле Конституциядабы же реформа жүргүзө албаган жооптуу адамдардабы, жакынкы жылдары билинет...

Жаңы шайланган Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалиция 3 фракциядан түзүлдү. КСДП, "Республика-Ата Журт" жана "Кыргызстан" фракциялары (жалпы 30 мандат) биригип, шаардык кеңештин төрагалыгына "Республика-Ата Журт" партиясынын депутаты Канатбек Мүзүралиевди шайлады. "Өнүгүү-Прогресс" жана "Мекеним Кыргызстан" партиялары оппозицияда калышты. Шаардык кеңештин эң жаш эки депутаты Жогорку Кеңештин депутаттарынын балдары экени белгилүү болду. Алар "Республика-Ата Журт" фракциясынан парламент депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Наргиза Жолдошбаева. Аталган партиялар саясатта өзүнүн кийинки муунун даярдай баштады. Бүгүнкү күндө парламентте отурган жаш депутаттардын бир тобу мурда Бишкек же Ош шаардык кеңешинде депутат болгондор. Шайлоо алдында КСДП шаарга асма жолдорду курууну, "Республика-Ата Журт" "Тез жардам" кызматы чакырууга 7 мүнөттө жетип баргыдай шарт түзүүнү, "Кыргызстан" жүргүнчүлөрдү бекер ташуучу автобустарды ишке киргизүүнү убадалаган. Бул 3 партия бүгүн шаарды башкаруу укугун алышты, эми убадалардын өтөсүнө чыгууга кезек келди. Эл ошол убадалардын аткарылышын күтөт.

Кийинки кадам - Бишкектин жаңы мэрин шайлоо. Бул кызмат кайсы партиянын энчисинде калары көпчүлүккө кызык. Талапкер сунуштоо укугу көпчүлүк коалицияда, фракцияларда жана премьер-министрде бар. Мыйзамга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүн ичинде мэр шайлоону дайындашы керек. 2017-жылы өлкөдө президенттик шайлоо өткөнү турат, маанилүү иштин алдында шаар башчылыгына бийликке ыңгайлуу адам келери күтүлөт. Бул жолу шаардык кеңеште КСДПнын 13 гана мандаты бар. Спикерлик кызматты Бабановдун партиясына беришти, демек, мэрлик кресло бийликтин өзүндө калат. Борбор калаанын башчылыгын капыстан келген адамга беришпейт, бул кызматка дайыма “өз киши” категориясындагылар дайындалып, шайланып келген, эми деле ошондой болот. Коомчулукта Албек Ибраимов ордунда калат деген да пикирлер айтылып жатат. Жыл башында Ибраимов коалициянын атынан жалгыз талапкер катары сунушталып, аны 45 депутаттын 42си колдоп добуш берген. Андыктан 30 добушу бар коалициянын атынан сунушталса, кийинки талапкер деле ашыкча талаш-тартышсыз, жогорку упай менен шайланат...

Кыргыз жеринде пиротехникалык каражаттарды (петарда, фейерверк, салют жана башкалар) сатууга жана колдонууга 1 ай мурун тыюу салынган. Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы талапка баш ийбегендерге 50 миң сом айып салынарын жарыялаган. Бүгүнкү күндө базарларда, соода түйүндөрүндө пиротехника каражаттары ачык эле сатылып жатат. Бишкек шаарынын Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы андай каражаттарды сатуу боюнча "Дордой" базарында 4 соодагерге гана уруксат берилгенин, калгандары мыйзамсыз иштеп жатканын билдирди. Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы рейд жүргүзүүгө Экономика министрлиги уруксат бербей жатканын айтып алакан жайды. Инспекция жакында плансыз рейд уюштуруу максатында барганда "Дордой" базарынын коопсуздук кызматы киргизбей койгон. Расмий маалыматтарга таянсак, 2015-жылы өлкөгө 671 тонна пиротехникалык каражаттар алынып келинген. Ал эми быйылкы жылга карата маалымат жок, Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенден баштап өлкө аймагына кирген пиротехникалык каражаттардын көлөмү тууралуу маалымат Бажы кызматынын базасына киргизилген эмес. Сатылып жаткан каражаттардын талапка жооп берер-бербеси, сапаты, коопсуздугу кандай экени белгисиз. Мамлекеттик мекемелердин бири тыюу салса, экинчиси уруксат берип, дагы бири текшерүү жүргүзүүгө уруксат бербей, айтор, баш аламан. Жогорку Кеңештен чыккан мыйзам эмес, соода түйүндөрүндө базардын мыйзамы бийлик жүргүзүүдө...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан