СУПЕРСТАН: "Кыргызстанга улутчул ажо керекпи?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргызстанга улутчул ажо керекпи?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кантип улутчул президент керек эмес деп айтабыз? Албетте, керек. Биз бул нерсеге 25 жылдан бери муктажбыз. Улутчул деп өзүнүн эли үчүн күйгөн, жеринин ар бир метрин сактаган (сатып же тарттырып жибербей), өз элин кордобогон, кыскасы, элдин келечегин ойлогон адам деп түшүнөм".

"Бизге бир гана кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлогон, жашоо шартын жакшыртам жана мамлекетти күчтүү, абройлуу кылам деген улутчул ажо керек!"

"Андай адам чыгышы кыйын болуп калды го... Азыркылар шашки сыяктуу эле тегеренип жүрөт, агы кетсе карасы келип, карасы кетсе агы келип".

"Чубак ажы Жалиловду сыйлайм. Бирок "чымчыкты сойсо да касапчы сойсун" деген кеп бар го".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Revolyutsiya
2017-01-04 16:42:26
Туура, учурда эл улуттун камын коргон, кызыкчылыгын коргогон патриот лидерге зар...
+9
MAN-CITY
2017-01-04 16:48:09
Кыргызстанга керек улутчул ажо, азыр улутчул ажо болбосо, АШАга окшогондор кыргыздын тамырына балта чапкыдай.
+11
sherzatik
2017-01-04 16:51:02
Албетте керек))калганы түшүнүктүү да эмнеге керек экени.
+8
bekiw.801
2017-01-04 17:54:53
Бул биздин биринчи зарылдыгыбыз го деп ойлойм. Өзү аз алакандай эле элбиз. Биз улутубузду бекемдеп, көтөрбөсөк жакын арада ыдырап жоголоюн эле деп калдык окшойт.
+2
Bekzamann
2017-01-04 18:28:52
Керек жана андай адам бар бирок.....
+2
k.a.s
2017-01-04 21:44:38
Керек деп ойлойм
+2
Muratmipa
2017-01-05 00:25:34
Мен болсом болотко бирок боло албай журом болсом эле биринчиден Исфанадагы озбектерди жай жайына коймокмун
+4
Aima94
2017-01-05 03:39:24
АША не??? Бабанов келсе сонун болот. Жакшы иштеп баштаса эле алып салышат жинге тийишип!
-4
Revolyutsiya
2017-01-05 04:06:44
Aima94, Бабанов улутчул лидер эмес ал бизнесмен. Ал бийлик башына келсе карапайым элге эмес, бизнесмендерге гана жакшы болот....

Ал жакшы иштеп эмнени кыйратты? Баса Казахстандан уулуу, радиактивдуу комурлор Окмотту Атамбаев жетектеп турганда ташылып келди беле же Бабанов жетектеп тургандары?
-1
azamat.k
2017-01-05 06:04:23
Ташиев келсе президенттике ошол киши онойт Кыргызстанды.Ташиев Султан Ибраимов агабыздын экинчи жаралуусу.Ташиев ичбейт чекбейт балп эттирбейт орунсуз создорду.
-2
tynkatar03
2017-01-05 13:40:53
Улутун суйсо Пензага барып завод курат беле.
0
nurik903
2017-01-06 09:23:24
иштеш керек көзүн ачып .башка келсе эле кыйратмак беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан