Борбордук шайлоо комиссиясы Чолпон Жакупованын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы Чолпон Жакупованын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда БШКдан билдиришти.

Айта кетсек, Жакупованын мандаттан баш тартуу боюнча арыз жазышына 11-декабрда өткөн референдум себеп. Ал буга чейин Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, эгер референдум өттү деп таанылса, депутаттыктан баш тартарын айткан эле. Аны мандатын тапшырбоого чакыргандар да көп болгон, бирок депутат айтканынан кайткан жок.

Жакупова 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Бир бол" партиясынын тизмеси менен парламентке келген. Анын ордуна партиянын тизмеси боюнча Дүйшөн Төрөкуловдун келери күтүлүүдө. Төрөкулов мурда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеген. Коомчулукта анын "Душка" деген лакап ат менен белгилүү криминалдык чөйрөнүн өкүлү экени айтылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан