17 жыл мурун Борис Ельцин Орусиянын президенти кызматынан кетип, анын ордуна президенттин милдетин аткаруучу болуп Владимир Путин дайындалган.
Ельцин шайлоочулардын добушунун 57,3 пайызын топтоо менен бул кызматка 1991-жылдын 10-июлунда келген. 1996-жылы да шайлоого катышып, экинчи мөөнөткө шайланган, бирок бул жылдардан тарта анын ден соолугу начарлап, эл алдына аз чыга баштаган. Мындан улам Орусиянын Мамлекеттик Думасы 6 ирет президентке каршы импичмент жарыялап, кызматтан кетирүү сунушу көтөрүлгөн. Импичментке добуш берилгенге чейин Ельцин өкмөттү таратып жиберген. Бул учурда Чеченстанда, Дагестанда кырдаал күчөп, Москвада турак үйлөр жарылып жаткан кыйын мезгил болчу.
Ельцин алгач Владимир Путинди өкмөт башчы кызматына алып келип, анын кеңеши менен Чеченстанда террорчуларга каршы операция жүргүзүү чечимин чыгарган. Бул операциялардан кийин Путиндин аброю жогорулап, элге таанылган. 1999-жылы 31-декабрда Ельцин президенттик кызматтан кетип, президенттик кызматты убактылуу Путин аткарып калган.
31-декабрга карата
жылнаама.