Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 31-декабрда Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого, уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары боюнча кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, III даражадагы Манас ордени менен Алтынбек Максүтов, Кыяс Молдокасымов жана Тынчтыкбек Чороев сыйланды. Ал эми "Азия Микс" КВН курама командасы Данакер орденине, Кыялбек Урманбетов "Кыргыз Республикасынын Эл акыны" деген ардактуу наамга ээ болду. "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы Гүлжигит Калыковго, Бакыт Мукулга, Жамиля Муратовага, Майрамбек Осмоновго, Юлия Руцкаяга ыйгарылды. Ырчылар Арсен, Омар, Урмат Усенов, продюсер Сүйүн Откеев, алып баруучу Нурзат Токтосунова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.