ЖЫЛНААМА, 1-ЯНВАРЬ: 124 жыл мурун Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфилов туулган

124 жыл мурун, тактап айтканда, 1893-жылы 1-январда Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов туулган.

Ал 1918-жылдан тарта Кызыл Армияда кызмат өтөп, Жарандык согушка (1918-1920) катышкан. 1923-жылы Киевдеги Бириккен жогорку аскер окуу жайын бүтүрүп, 1938-1941-жылы Кыргыз ССРинин аскер комиссары болгон.

1941-жылы июлда Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк-Батыш, Батыш фронтторунун 316-аткычтар дивизиясынын командири болуп, октябрь, ноябрь айларында анын дивизиясы Москваны коргоодо эрдик көрсөткөн (28 баатыр панфиловчу).

Советтер Союзунун Баатыры (1942), генерал-майор (1940) Иван Панфилов 1941-жылы 18-ноябрда 48 жашында согушта курман болгон.

1-январдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан