Индонезиялык Сапарман Содимежо 31-декабрда 146 жашка толду. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, учурда ал дүйнөдөгү эң узак жашаган адам. Бул тууралуу британиялык "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү документте Сапармандын 1870-жылы 31-декабрда туулганы көрсөтүлгөн. Жаш курагына карабай ал өз алдынча баса алат. Содимежо 10 бир тууганын жерге берүүгө катышкан жана 4 ирет үйлөнгөн. Анын балдары да дүйнөдөн өткөн.
Расмий маалыматтарга таянсак, учурда дүйнөдөгү эң картаң эркек - Исраэль Кристал. Ал 1903-жылы 15-сентябрда туулган. Ал эми аял кишилердин арасында таң каларлык куракты багындырган аял - италиялык Эмма Морано. Ал 117 жашта.