Оштогу жаңы жылдык майрамда дискотека уюштурулуп, иш-чара фейерверк менен жыйынтыкталды

Ош шаарында Жаңы жыл майрамы шаардын борбордук аянтында балдар үчүн даярдалган жомоктордон кыскача үзүндү, "тамашоучулардын" тамашалары, Аяз ата, Аяз кыздардын парады, оюн-зоок, концеттик программа, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган аркан тартыш, кол күрөш, гиря көтөрүү, кап менен секирүү жана эстафета сыяктуу спорттук жарыштар менен башталды. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык салтанат кечкисин борбордук аянтта, Ош шаардык маданият башкармалыгы жана жаштар комитети тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт менен уланды. Калаа башчысы жалпы элди Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

"Ушул жылда мамлекетибиз бакубат өлкөлөрдүн катарынан орун алуусуна, ошондой эле кичи мекенибиз болгон Ош шаарыбыздын өнүгүүсүнө бараандуу салымыңыздарды кошоруңуздарга терең ишенип турам. Анткени мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздап туруучу да, мамлекеттин негизги өзөгүн түзүүчүсү да – эл. Жапыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм. Жаңы жылыбыз ынтымактын, биримдиктин, бейпилдиктин жылы болсун”, - деди Айтмамат Кадырбаев.

Борбордук аянтта шаардыктар үчүн жаңы жылдык дискотека уюштурулуп, майрамдык фейерверк менен жыйынтыкталды. Бул иш-чарага 10 миңден ашуун адам күбө болгону маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ERCHOROEV
2017-01-01 15:04:44
Бир кун учун 2016 2017 болуш учун канча адамдар 6 деген сан 7деген санга алмашканы учун адамдар ушунча арак ичип бири менен бири обушуп жыргашты ушунча куноону моюнуна илди эми мине болду 6 7 болду анан эмне болду? Атиин э биз адамбызго акыры. 6 7 болуш учун ушунча куноо кылышыбыз шартпы. Туура ата бабалар билип билбей майрамдаган. Бирок биз билип ошону кылып атабыз. Бул ото окунучтуу
-1
-NURIK-
2017-01-01 16:51:44
Зыңк
+2
Nurik.1100
2017-01-01 19:43:55
Osh algaaa
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан