Казакстанда 1-январдан тарта Патрулдук милициянын кызматкерлери автоунааларды токтотуу үчүн колдонулуп келген "ала таяктарды" пайдаланууну токтотушту. Муну казакстандык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Ички иштер министрлиги тарабынан чыгарылды. Мындан ары эреже бузуулар видеокамералардын жардамы менен аныкталат. Ал эми унааларды кызматкерлер колдорун жаңсап, ышкырык колдонуп, үндү бийик чыгарган техниканы колдонуу менен токтотушат.