Өзгөндүн базарынын абалы тууралуу окурман SUPER.KG порталына бүгүн, 1-январда WhatsApp аркылуу баяндады.
"Базардын администрациясы иштебейт. Кышында базардын ичине кирүү мүмкүн эмес. Кар жаап, муз тоңуп, зорго кирип-чыгабыз. Базардын мышык ыйлагыдай абалына дагы канча ирет көз жумабыз? Канчалаган адамдар тайгаланып, жаракат алып жатышат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.