Лос-Анжелестеги "Hollywood" деген жазууну белгисиз адам "Hollyweed" деп өзгөртүп кетти

Лос-Анжелестеги "Hollywood" деген жазууну белгисиз адам "Hollyweed" деп өзгөртүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, окуя 31-декабрдан 1-январга караган түнү болгон. Анда кара түстөгү кийим кийген адам бул ишти кылган. Азырынча анын ким экендиги жөнүндө маалымат жок. Эгер ал кармалса, "чектелген аймакка мыйзамсыз кирүү" боюнча айып тагылышы мүмкүн.

Белгисиз адам "O" тамгасын материал менен жаап, "E" тамгасына өзгөрткөн. "Weed" деген сөздүн жаргондук мааниси "марихуана" дегенди түшүндүрөт.

Айта кетсек, "Hollywood" деген жазуу чет жерден келген туристтерди өзүнө тартып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KaiMak
2017-01-02 17:52:58
Кыргыз деп жазып койсо жакшы болмок атыбыз чыкмак да
+14
dina-85
2017-01-03 01:10:09
KaiMak,кызык комментарий берипсиз,супер сизге
+2
kyrgyz.93
2017-01-03 01:09:41
KaiMak ошону сен жазып келбейсинби сенин атын кошо чыгат
+4
KaiMak
2017-01-03 16:01:11
тамаща депле жазгам серьез кабыл алывалбаш)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан