Мындан 516 жыл мурун, 1501-жылы түрк акыны жана ойчулу Алишер Навои (чын аты-жөнү - Низамаддин Мир Алишер) 59 жаш курагында көз жумган.
Алишер Навои 1441-жылы 9-февралда Герат шаарында туулган. Атасы Гыйаседдин Кичкина Хоросанга жакын жайгашкан Сабзавор шаарынын башкаруучусу Абылкасым Бабурдун сарайында кызмат кылган. Сарайда балдар жаш кезинен фарс тилин үйрөнүшүп, фарсча чыгармаларды окуп тарбияланышкан. Алишер да алар менен кошо жаш кезинде фарсча окуп-жазганды үйрөнгөн. 1469-жылга чейин ар түрдүү кызматтарды аркалаган Алишер ордодо катчы болуп иштей баштаган. Адилеттүүлүгү жана калыстыгы менен элдин алкоосуна татыган. Бир топ мечит, медресе, көпүрө жана ооруканаларды салдырган, калктан жок жерге салык жыйнаган өкүлдөргө каршы чыгып, калктын сөзүн сүйлөгөн.
Алишер Новаи көптөгөн чыгармаларды жазып калтырган. Көпчүлүк акындардай эле ал дагы фарс акындарынын чыгармаларын окуп, алардан таасирленгени менен, чыгармаларынын көп бөлүгүн түрк тектүү элдердин орток жазуу тили болгон чагатай түркчөсү менен жазган.
Акын 4-5 жаштарында улуу акындардын терең маанилүү фарсча ырларын жатка айта баштаган. Ал өзүнө жаккан ыр саптарды, кээде бүтүндөй бир чыгарманы жаттап алчу. А.Навои бул өзгөчөлүгү тууралуу төмөнкү ыр саптарын жазып калтырган:
"Бардыгын көп кайталап окуптурмун,
Көпчүлүгүн акылга тутуптурмун.
Одалар, эки саптык ырлардан мен,
Ылгапмын, жакшыларын тандаптырмын.
Толкундай ташып турган жаш кезимде,
Элүү миңге жакын ыр сап жаттаптырмын".
Акын "Хамса", "Лайли жана Мажнун", "Фархад жана Ширин", "Куштардын тили", "Эки тил жөнүндө ой" жана башка мыкты чыгармаларды жараткан. Анын чыгармаларында гуманизм, кайрымдуулук, ынтымак, тынчтыкты сактоо сыяктуу өлбөс-өчпөс темалар чагылдырылган. Улуу аалым, акын жана мамлекеттик ишмер Орто Азиядагы түрк тектүү калктардын адабий тилин калыптандырган.