2017-жыл жаңырган түнү саат 00:00дө Кыргыз өлкөсүндө эки кыз төрөлгөн. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.
"31-декабрда эртең мененки саат 08:00дөн тарта 1-январь, 08:00гө чейин өлкө боюнча 316 наристе жарык дүйнөгө келди. Анын 155и эркек болсо, 161и кыз. Ал эми 1-январга караган түнү туура саат 00:00дө эки төрөт катталып, эки кыз төрөлдү. Наристелердин бири Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, экинчиси Баткен облусунун Баткен районунда", - дейт Д.Асылбашева.
Жыл жаңырганда төрөлгөн кыздардын да, энелеринин да ден соолуктары жакшы экенин Асылбашева кошумчалады.