Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасында биометрикалык паспортторду берүү быйыл башталмак. Бирок 27-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасында биометрикалык паспортторду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун четке каккан.
Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорттордун эскиздерин 2018-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын донордук коомчулугуна көрсөткөн.
"Жыл сайын Мамлекеттик каттоо кызматынын ар кандай кызматтарынан болжол менен 2 миллиондой жаран колдонот. Андыктан ар бир жаран үчүн мамлекеттик кызматтарды тез жана сапаттуу алуусу эң негизги маселе. Биометрикалык паспорт - бул маселенин ачкычы. Эгер анын колунда ачкычы бар болсо, ал өзүнө керектүүнү тез ала алат. Эгер анын өзүнүн маалыматтарына ачкычы болбосо, ал ар кайсы маалым каттар аркылуу далилдеши керек болот. Мындайча айтканда, бюрократия менен. Биометриянын артыкчылыгы - коопсуздук, ыңгайлуулук", - деген Сарпашев.