ЖЫЛНААМА, 3-ЯНВАРЬ: 125 жыл мурун "Шакектер шаасы", "Хоббит" чыгармаларын жазган англиялык жазуучу Жон Толкин төрөлгөн

Мындан 125 жыл мурун, 1892-жылы 3-январда Африканын Блумфонтейн шаарында "Шакектер шаасы", "Хоббит" чыгармаларын жазган англиялык жазуучу Жон Толкин (толук аты-жөнү - Жон Рональд Руэл Толкин) төрөлгөн.

3 жашка чыкканда атасы каза болгондуктан, жазуучуга жана анын бир туугандарына апасы тарбия берип, латын, немис, грек, француз тилдерин үйрөткөн. Ошондой эле сүрөт тартуу, каллиграфия жана башка илимдерди окуткан. Ж.Толкин 12 жашка чыкканда апасынан да ажыраган.

1911-жылы Оксфорд окуу жайына тапшырып, филология илимин өздөштүрүүнү улантат. 1916-жылы үйлөнүп, 4 жылдан кийин 2 уулдуу болот. 1922-жылы жазуучу орто кылымдагы англис тилинин сөздүгүн жазып, 2 жылдан соң Англиянын Лидс шаарындагы эң жаш профессор аталган. 1937-жылы алгачкы романы "Хоббит" жарыкка чыгып, окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынат. Ал эми 50-жылдардын ортосунда "Шакектер шаасынын" 3 китеби басылып чыккан. 30 жылдын ичинде бул китептер орус, япон жана башка ондогон тилдерге которулуп, котормолордун сапатын Ж.Толкин өзү текшерип турган.

Ж.Толкин "Сильмариллион" (1977), "Бүтпөй калган жомоктор" (1980), "Хуриндин балдары" (2007), "Эки чеп" (1954), "Толкиндин окурманы" (1966), "Том Бомбадилдин саякаттары" (1962) жана башка ондогон китептердин автору.

Бала чагында жазуучу достору менен ич ара сүйлөшүү үчүн бир нече тилдерди ойлоп тапкан. Ж.Толкин көптөгөн жасалма тилдердин автору болуп саналат. Алсак, ал жогорку эльфтердин тили - квенья, боз эльфтердин тили - синдаринди ойлоп тапкан.

Белгилүү жазуучу 1973-жылы 2-сентябрда 81 жашында көз жумган. Анын чыгармаларынын негизинде 25 тасма тартылган.

3-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан