Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы 4-январда Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында дүйнөдөгү эң бийик имарат - "Бурж-Халифа" ачылган. 160 кабаттуу, бийиктиги 828 метр келген ири имараттын курулушу дээрлик 5 жылга созулуп, ага 1,5 миллиард доллар сарпталган. Ачылышына 6 миң адам катышып, майрам фейерверктер менен коштолгон. Ачылыш аземинин түз эфирде берилишин дүйнөнүн 2 миллиарддан ашык адамы көргөн. Имараттын негизги бөлүгү кеңселерге берилген. Антсе да анда ресторандар, бассейндер, мейманкана бөлмөлөрү да жайгашкан. Мейманкананын дизайнын айтылуу италиялык модельер Жоржио Армани иштеп чыккан. Имарат кызмат көрсөтүүчү адамдарды кошкондо 12 миң адамды батыра алат.
4-январга карата жылнаама.