Кара-Кулжа районунун Терек айылына баруучу жолго түшкөн кар көчкү толук тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-декабрь күнү Терек айылына баруучу ички чарбалык жолго болжол менен 4800 метр куб кар көчкү түшүп, жол жабылып калган. 2017-жылдын 1-январынан тазалоо иштерине райондук №26-Жол тейлөө ишканасынан жүктөгүч, Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан бульдозер тартылып, 3-январь күнү жол толук тазаланган.